Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Катар кызматташтыгы: 13 документке кол коюлду

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 485 | 0

Катар эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында бир катар документтерге кол коюлду.

Алар:

  1. «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Катар Өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө» макулдашуу;
  2. «Өкмөттөр аралык аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө» макулдашуу;
  3. «Саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө» макулдашуу;
  4. «Эки өлкөнүн бажы мыйзамдарын оптималдуу колдонуу, бажылык тартип бузууларга бөгөт коюу жана ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө» макулдашуу;
  5. «Эки өлкөнүн ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө» макулдашуу;
  6. «Эки өлкөнүн ортосунда спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандум;
  7. «Эки өлкөнүн Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандум;
  8. «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар мамлекетинин Муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө» макулдашуу;
  9. «Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө» Меморандум;
  10. «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Катар мамлекетинин Финансы министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандум;
  11. «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катар мамлекетинин Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандум;
  12. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катар мамлекетинин Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын ишмердиги жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандум;
  13. «И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандум.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM