Биз менен байланышыңыз

Швейцар болуп иштеген Ратан Миңбаев: Төрт тилде эркин сүйлөйм

Блог | 9 Июн 2023 | 3519 | 0

Кыргызстанда сейрек кездешкен кызматтардын бири – швейцарлык. Алардын милдети: мекемеге келген меймандарды эшик алдынан тосуп алуу. Швейцардын doorman (англис тилинен кирген, мааниси: эшик мырза), портье (француз тилинен кирген, мааниси: эшикчи) деген да аталыштары бар. Дал ушул кесипти 7 жылдан бери аркалап келген Ратан Миңбаев учурда Бишкектеги чоң мейманканалардын биринде эмгектенет. Түпкү кесиби агроном экенин айткан Ратан ата бул кызматка келгенге чейин эмне иштер менен алек болгонун учкай баяндап берди.

«Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун аяктап, дыйканчылык багытында иштедим. Союз тарагандан кийин биз иштетип жаткан жерлер элге таратылып, жумушсуз калдым. Үй-бүлөнү багуу керек да, ойлонуп олтуруп, армиядагы «запастагы офицер» наамымды колдонууну чечтим. Атайын окуудан өтүп, өрттү изилдөө багытына өттүм. Үй-бүлөм менен Бишкек шаарына көчүп келдим. Өрттү изилдөөдөн кеткенден кийин да иштебеген ишим калган жок, акыры ушул мейманканага күзөтчү болуп орноштум. Андан соң бул жактагы менедежерлердин сунушу менен швейцар кесибин аркалап калдым».

Ратан атанын аткарган иши: келген меймандарды жылмайып тосуп алып, сылык-сыпаа бөлмөсүнө чейин коштоп баруу, жол көрсөтүп берүү. Ал швейцарлык кесипте ар бир майда нерсеге кылдат көңүл бөлүү керектигин айтат.

«Эртең мененки саат 7:00дөн баштап 16:00гө чейин иштейм. Бул жактагы менеджерлер меймандарды күлүп тосуп алганга үйрөткөн. Жаңы ишке киргенде үйдөн күзгүнүн астында туруп, атайын машыккан күндөрүм болгон. Башында бир аз коркуу сезимдери болгон. Биздин кесип өтө кылдаттыкты талап кылат. Меймандарды унаадан түшүрүп жатканда биринчи айымдын эшигин ачкан соң гана мырзага эшик ачылат. Ошол эле учурда мейман башын унаага уруп албашы үчүн колуңду эшиктин үстүнө коюп туруу керек. Машина менен келген меймандар «VIP-коноктор» деп аталат. Мисалы, бизге Максим Галкин, Вера Брежнева өңдүү бир катар белгилүү адамдар конок болгон».

60 жаштагы швейцар өз кесибин сүйүп аткаргандыктан, ишке майрамга келгендей келерин айтат.

«Бул ишим өзүмө жаккандыктан сүйүп аткарам. Иштебей эле эс алгандай болом. Адам кандай кесип болбосун, мейли буудайжүзүм өстүрсүн, сүйүп аткарганда гана береке болот».

Төрт тилде эркин сүйлөгөн Ратан ата учурда чет тилдерди үйрөнүүнү улантып жаткан учуру.

«Азыр төрт тилде сүйлөйм. Кызым түрк тилдүү окуу жайда окугандыктан түрк тилин да үйрөнө баштадым».

Швейцардын иши конокту тосуу болгондуктан, көп убакыт тике турууга туура келет. Бирок Ратан ата убагы менен эс алып турат. Алгач буту ооруп, баса албай калган күндөрү болгон. Спорт менен машыгып, атайын көнүгүүлөрдү жасап жүрүп, акыры ал оорудан да кутулган.

«Башында үйгө келгенде, баса албай калып жүрдүм. Ар кандай дарыдармек колдонуп жатып, жакшы болуп калган. Бутум оорубашы үчүн демалыш күндөрү Эркиндик сейил багында чуркайм. Ал жакта жаштардан тарта кемпир-абышкага чейин таң эрте машыгышат. Ден соолук үчүн коомдук унааларга түшпөй, базарга велосипед менен барып, үйгө керектүүлөрдү алып келем».

Ратан ата дайыма жаңы нерсе үйрөнүүгө дилгир. Ал үйрөнүүдө жаш курак чектелбесин, адам ар дайым өсүп-өнүгүп турушу керектигин айтат.

«Кичине кезимде атам: «Адам ар тараптуу болуп, түрдүү нерсени үйрөнүп, билимдүү болушу керек», — деп көп айтчу. Мындан улам дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылам. Ыр жазам, гитара чертем. Тоого велосипед менен чыгып турам. Жаш кезимде бийге катышып, чет мамлекеттерге чейин барып келгем. Негизи адам баласы кыла албаган, колунан келбеген нерсе жок экен. Адам баласына чексиз мүмкүнчүлүктөр берилген экен, болгону аракет кылуу зарыл. Азыр 60 жаштамын. Буюрса, 65 жашка чыкканда балким бул жерде эле же башка жаңы нерсе үйрөнүп иштей берем. «Ишкерлик кылып көрсөмбү?» деп ойлонуп жатам. Көп адам менин жашыма келгенден кийин өздөрүн таштап коюшат. Менимче, бул туура эмес. Адам дайыма өзүнүн үстүндө иштеп, моралдык жактан күчтүү болгону жакшы».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM