Биз менен байланышыңыз

Катар эмири менен Кыргызстан президентинин расмий сүйлөшүүлөрү аяктады

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 144 | 0

Бүгүн, 7-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Танинин эки тараптуу жолугушуусу аяктады.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент эмирдин келиши тарыхый мааниге ээ экенин, анткени бул Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын 30 жыл ичиндеги мамлекеттик визит макамын алган биринчи иш болгонун баса белгиледи.

«Сиздин визит өз ара ишенимге негизделгени талашсыз жана бул кыргыз-катар туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачарына ишенем», — деди Жапаров.

Катардын эмири өз кезегинде лидерлердин буга чейинки жумушчу сапарлары жана эл аралык уюмдардын аянтчасындагы жолугушуулары эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүгө жакшы түрткү болгонун айтып, Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан аркы бөлүк маданий иш-чаралар менен уланат.

Белгилей кетсек, Катардын эмири кечээ биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Бүгүн кечинде анын сапары аяктайт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM