Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусиядагы согушка каршы чыккан активистти өлкөсүнө кайтарды

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 252 | 0

Кыргызстан Орусиянын Свердлов облусундагы аскер комиссариатын өрттөөгө шектелип, издөөдө жүргөн Алексей Рожковду өз өлкөсүнө өткөрүп берди. Бул тууралуу «Зона солидарности» укук коргоо уюму Телеграм-каналына жазды.

2022-жылдын март айында Свердлов облусундагы аскер комиссариатынын имаратынан өрт чыккан. Өрт коюуга шектүү катары Алексей Рожков кармалып, камакка алынган.

Алгач «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козголгон. Тергөөчүлөр ага Рожковдун комиссариатта кароолчу болгонун жүйө келтиришкен. Кийинчерээк өрт чыккан имаратта бир да жан болбогону аныкталып, кылмыш иш «бирөөнүн мүлкүн зыянга учуратуу» беренесине алмаштырылган. Анын негизинде Рожковдон «эч жакка кетпөө» тилкаты алынып, үй камагына чыгарылган.

Орусиянын Башкы аскердик штабы бул боюнча билдирүү жасап, ишти теракт катары баалаган. Андан соң Алексей Рожков 2022-жылдын декабрында Кыргызстанга качып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM