Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков 7-июндагы жыйында облустук телеканалдардын журналисттери үч айдан бери айлыгын ала албай жатышканын билдирди.
Анын айтымында, облустук телеканалдар үч ай мурда УТРКнын базасына бириктирилген. Мына ошол убакыттан бери анда иштегендер эмгек акысын ала албай келишет.
Бул көйгөй бир гана Талас облусунда эмес, 7 облустагы телеканалда тең кайталанып жатат.
Депутат билдиргендей, кайрылгандар батир акысын жана насыяларын төлөөдө кыйналып кетишкенин айтышкан.
Сөзүнүн аягында Чойбеков төрагага кайрылып, бул маселени тез арада чечүү боюнча протоколдук тапшырма берүүсүн суранды.