Connect with us

Акылбек Жапаровду Сочиге коштоп кеткен делегациянын курамы

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 260 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕАЭБ) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына учуп кетти.

Аны коштоп кеткендер:

  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев
  • Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык жана башка органдарындагы Кыргызстандын өкүлү Эрмек Ибраимов
  • санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов
  • саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова
  • финансы министри Алмаз Бакетаев
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Талгат Аширбеков
  • Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров
  • КМШ экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын өкүлү Айгүл Рыскулова
  • тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев
  • юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев
  • экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев
  • энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов
  • Президенттин администрациясынын ЕАЭБ менен иштөө секторунун башчысы Самат Кулмамбетов

Эскерте кетсек, 7-9-июнда Сочиде КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны, III Евразиялык конгресстин отуруму, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын II форуму жана «Евразия биздин үйүбүз» көргөзмөсү өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM