Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Абактан качып кеткен жаран кармалды

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 1305 | 0

5-июнда Ички иштер министрлиги өтө оор кылмыштарга шектелип, камакка алынган Балыкчы шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Сабыров Кушубектин Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткенин кабарлаган. 6-июнь күнү аталган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «абактагы адамды качырган» деген шек менен эки милиционер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген болчу.

Бул жагдай боюнча Ысык-Ата райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен иш козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө, абактагы адамдын качып кетүүсүнө убактылуу кармоочу жайдын нөөмөтчү-милиционери Ж.Т.К.нын жана дагы бир милиционер Д.Б.К.нын көмөктөшкөнү аныкталган.

Фактылардын негизинде качырууга шектүүлөр камакка алынган. Учурда тергөө уланып жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM