Биз менен байланышыңыз

Катардын эмири Кыргызстанга келди (сүрөттөр)

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 191 | 0

Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани бүгүн, 6-июнда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келгенин Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров шаң-салтанат менен тосуп алган.

Эртең, 7-июнда эки мамлекеттин башчылары тар жана кең форматта сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулашат.

Сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюу да мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM