Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө мамлекет башчысы сөз кылган депутат камакка алынды (видео)

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 425 | 0

Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Териштирүүнүн жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаты А.У. 2015-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына караштуу жээгине пляждык зона уюштуруу үчүн беш жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишим түзгөнү аныкталган.

Келишим аяктагандан кийин ал ижара мөөнөтүн узартуу үчүн Чолпон-Атанын мэриясына кайрылган. Бирок шаар жетекчилиги ижараны узартуудан баш тарткан. Мындан улам депутат А.У. Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Жыйынтыгында аталган жер тилкеси камакка алынып, учурда сот процесси уланып жаткан.

Шаардык кеңештин депутаты А.У. соттук териштирүү жүрүп жаткан жер тилкесин алдоо жолу менен инвесторго 12 миң долларга берип ийген.

Учурда кылмыш иш Ысык-Көл облустук милициясынын кароосуна алынып, аныкталган жагдайларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен (опузалап талап кылуу) 209-беренесине (алдамчылык) которулган.

5-июнда алдамчылыкка шектелген Чолпон-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты А.У. кармалып, Каракол шаардык милициясынын тергөө абагына 48 саатка камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, өткөн аптада Ысык-Көлдөгү парктын ачылыш салтанатында президент: «Чолпон-Атага беш жылдыздуу отель салам деген инвесторго жергиликтүү Урмат аттуу депутат бут тосуп жатыптыр», — деген эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM