Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Боршайкомдун мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлерди колдоду

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 254 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети 6-июндагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган үч талапкерди жактырды.

«Ата журт — Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил» депутаттык тобу Алтынбек Кубатбековдун талапкерлигин көрсөткөн.

Ал эми «Ынтымак» фракциясынын талапкери Мирлан Коңурбаев комитет жыйынына келген жок.

Үчүнчү талапкер «Элдик» фракциясынан Калысбек Боронбаев.

Эми 7-июнда Боршайкомдун мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлерди парламент жалпы сессияда талкуулайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн орду Акылбек Эшимов кармалгандан кийин бошогон. Быйыл 11-майда Жогорку Сот БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу күнөөлүү деп тапкан.

Боршайкомдун мүчөлөрү беш жылга шайланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM