Биз менен байланышыңыз

Быйыл Суу чарба кызматына 4,4 млрд сом каралган

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 189 | 0

2023-жылга Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматына 4,4 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар — 1,2 млрд сом;

— мамлекеттик инвестициялык фонддор — 3,2 млрд.

«Бюджеттик каражаттардын 1 млрд сому ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине каралган. Бүгүнкү күнгө 362,1 млн сому бөлүндү», — деп айтылат маалыматта.

Жыл ичинде төмөнкүдөй кошумча каражаттарды бөлүү чечими кабыл алынды:

— жер снаряддарын сатып алууга 199,4 млн сом. Мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун жүргүзүүдө;

— ошондой эле Суу кызматына лизингге атайын техникаларды сатып алууга жакынкы жылдарга 1 млрд сомго жакын каражат каралып, анын 350 млн сому 2023-жылы бөлүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM