Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бийликти басып алууга шектүүлөр кармалды (видео, аудио)

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 2995 | 0

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө жүргүзүлүп, чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.

УКМК аталган топ жыл бою өз катарына коомдогу окуяларга нааразылык билдирген жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөнү аныкталганын билдирди. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист «Элдик кеңеш» саясий партиясынын төрагасы Н. Р. С. экендиги аныкталды.

Анын жетекчилиги астында бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн.

Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн. Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн.

Маалыматта айтылгандай, бул топ коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо пландарын ишке ашырууну көздөгөн.

5-июнда УКМКга 30дан ашык катышуучу алып келинип, Н. Р. С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И. Г. С., М. А. Ж. жана Д. Т. А. күнөөсүн мойнуна алышкан.

«Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар  УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM