Биз менен байланышыңыз

ЕККУ Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар (видео)

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 180 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июнда Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды.

Президент төмөнкү багыттар боюнча ЕККУнун Кыргызстандагы долбоордук ишмердигин күчөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт, алар: чек ара коопсуздугун чыңдоо, укук коргоо органдарын реформалоону мындан ары колдоо жана алардын дараметин бекемдөө, электрондук коммерцияны өнүктүрүү, айрыкча өлкө аймактарында ишкердикти колдоо.

Мамлекет башчысы быйыл Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнүн 50 жылдыгын белгилеп жатканын эскертип, глобалдуу деңгээлде көтөрүлгөн тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерине кенен токтолду. Тактап айтканда, Садыр Жапаров климаттык өзгөрүү кесепеттерине байланыштуу өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп «жашыл экономиканы» илгерилетүү, экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү жана айлана-чөйрөнү коргоо саналарын айтты. Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен «жашыл демилгелерди» илгерилетүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Өз кезегинде Хельга Мария Шмид ЕККУ Кыргызстан жана Борбор Азия менен эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM