Биз менен байланышыңыз

Масадыков Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 142 | 0

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков бүгүн, 5-июнда Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздук, Ооганстандагы учурдагы кырдаалдын өөрчүшү боюнча актуалдуу маселелер, атап айтканда, потенциалдуу коркунучтар жана тобокелдиктер менен байланышкан маселелер талкууланды, ошондой эле эки тараптуу мамилелер жана Кыргызстандын экономикасына британиялык инвестицияларды тартуу маселелери козголду.

Жолугушууга Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM