Биз менен байланышыңыз

Азамат Темиркулов экология министринин орун басары болуп дайындалды

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 100 | 0

Азамат Темиркулов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды.

Министрликтен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Азамат Темиркуловду Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Сүйүнтбек Аликеев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Азамат Темиркулов буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM