Биз менен байланышыңыз

Орусиянын коргоо министрлиги Украина чабуул баштаганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 673 | 0

Орусиянын коргоо министрлиги Украина 4-июндун таңынан баштап Түштүк Донецк багытында беш сектордо кең көлөмдүү чабуулун баштаганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, көзөмөл өткөрүү пункттарынын бирин Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов башкарып турган. Орусия тарап Украинанын чабуулу өз максатына жеткен жок деп билдирүүдө. Ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрү стратегиялык 23-31 механизацияланган бригадаларын согушка тартканын, аларга башка аскер бөлүмдөрү да жардамга келгенин айтууда. «Жалпы чабуулга алты механизацияланган жана эки танк батальону катышты», — деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский The Wall Street Journal басылмасына маек берип, анда Украина каршы чабуулга даяр экенин айтып, мунун канча убакытка чейин уланарын билбестигин кошумчалаган.

Зеленский Киев өнөктөш өлкөлөрдөн көбүрөөк курал алууга үмүт кыларын билдирип, «Биз айрым согуштук куралдарга ээ болууну каалайбыз, бирок аны айлап күтө албайбыз»,  — деген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM