Биз менен байланышыңыз

Президент Ысык-Көлдөгү чек арачылардын пансионатын ачып берди (сүрөт)

Кыска кабар | 4 Июн 2023 | 192 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Ысык-Көлдөгү Чек ара кызматынын пансионатын ачып берди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бул ардактуу кесип ээлерине жогорку кесипкөйлүк, мыкты даярдык, бекем эрк гана талап кылынбастан, мекенчилдик сезим, бийик адамгерчилик, ар-намыска бек туруу, тайманбас жүрөк да талап кылынат. Мындай асыл сапаттарды алып жүргөн чек ара аскерлерибиз Ата Мекенге кынтыксыз кызмат кылуунун кепилдиги болушат. Дал ушундай көкжал, тоо жүрөк чек арачыларыбыздын буга чейинки куралдуу кагылышуулардагы, контрабандисттерге бөгөт коюудагы, террорчу-сепаратисттик топторду жок кылуудагы көрсөткөн эрдиктери, каармандыктары калк арасына жайылып, эл оозунан түшпөй келет. Ата журттун бүтүндүгү, чек арабыздын бекемдиги, эл-журтубуздун бейпилдиги үчүн жан аябай кылган кызматыңар Айкөл Манас атабыздын урпактары экениңерди далилдеп турат», — деди мамлекет башчысы ачылышта сүйлөгөн сөзүндө.

Айта кетсек, 2022-жылы президент Садыр Жапаров Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы кароосуз калган «Дельфин+» пансионатын оңдоп-түздөп, Чек ара кызматынын карамагына өткөрүү тапшырмасын берген. Имаратты кайра куруу ошол жылдын декабрь айында башталган.

Пансионатта заманбап корпустар, коттеждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, балдар аянтчалары, сейил жайлар кошо курулган. Келечекте кошумча имараттарды да куруу мерчемделип жатканы кабарланды.

Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы пансионаттын имараты, айлана-чөйрөсү менен таанышып чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM