Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 4 Июн 2023 | 211 | 0

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин Европа жана Борбор Азия боюнча орун басары Лео Докерти Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Лео Докерти 4-5-июнда Борбор Азия мамлекеттерин кыдырат. Аймактык сапардын максаты эки тараптуу алаканы чыңдоо, кызматташтыкты кеңейтүү экени айтылды.

Кыргызстанга сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптын алакасы, кызматташтыгы, аймактык коопсуздук жана башка маселелерди сүйлөшөт.

Лео Докерти Кыргызстандан кийин Казакстан менен Өзбекстанга барат.

Айта кетсек, Лео Докерти Улуу Британия тышкы иштер министринин Европа жана Борбор Азия боюнча орун басары кызматына 2022-жылдын сентябрь айында дайындалган. Кызматтын алкагында Борбор Азияга биринчи ирет келип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM