Биз менен байланышыңыз

Эртең түрк тилдүү калктардын улуттук тамак-аш фестивалы өтөт

Кыска кабар | 4 Июн 2023 | 427 | 0
Фестиваль өтө турган жер. Сүрөт supara.kg сайтынан алынды.

Эртең, 5-июнда түрк тилдүү калктардын улуттук тамак-аш фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

«Супара: Түрк элдеринин салттуу ашканасы» деп аталган бул фестивалды ТүркСОЙ эл аралык уюму «Супара» этнокомплекси менен биргеликте уюштуруп жатат.

Иш-чаранын максаты улуттук тамак-аш маданиятын жандандыруу, унутта калган даамдарды кеңири таанытуу, гастрономиялык туризмди өнүктүрүү экени айтылды.

Эл аралык алкакта биринчи жолу уюштурулуп жаткан бул саамалыкка Кыргызстандын жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин дүйнөгө таанымал ашпоздору келери кабарланды.

Фестиваль Чуңкурчактагы «Супара» этнокомплексинде саат 10:00дө башталат.

Иш-чарага барууну каалагандарга саат 9:30да Бишкектен акысыз трансфер уюштурулат. Алар саат 16:00дө борбого кайтып келет.

Кеңири маалыматты алуу үчүн (0558) 36-36-53, (0999) 46-50-51 номерлерине кайрыңыздар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM