Биз менен байланышыңыз

Сары-Жаз дарыясына алты ГЭС курулат

Кыска кабар | 4 Июн 2023 | 213 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында «Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу» долбоорунун алкагында гидроэлектростанциялар курула турган жерди вертолёт менен үстүнөн көрдү.

Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда. Бул долбоордун максаты, электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Түп — Кеген жана Каркыра — Турук — Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу менен таанышты. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн жогорудагы жолдорду куруу иштерин 2025-жылы бүтүрүү пландалууда.

Акылбек Жапаров жыйынтыгында Каракол шаарынын жетекчилигине «Каприз» тоо лыжа базасына бара жаткан жолду реконструкциялоо, оңдоодон өтүп жаткан «Каракол» аэропортуна кошумча жер бөлүү жана шаардагы мал базарды шаардын четине чыгаруу сыяктуу бир катар маселелерди чечүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM