Биз менен байланышыңыз

Жапаров Эрдогандын инаугурациясына катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 4 Июн 2023 | 175 | 0

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге 3-июнда Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Салтанаттуу иш-чара ушул жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды.

28-майда Түркиянын президенти болуп шайланган Режеп Тайып Эрдоган инаугурациялык сөзүн сүйлөдү.

Андан соң бардык жогорку даражалуу коноктор үчүн Түркия президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM