Биз менен байланышыңыз

Мишель: Евробиримдик Ооганстанга карата стратегиясын өзгөртпөйт

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 159 | 0

Европа биримдиги Ооганстанга карата стратегиясын өзгөртпөйт. Бул тууралуу Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Чолпон-Атада өтүп жаткан «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитинде билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдик Ооганстанга гуманитардык жардам берүүнү улантууда, муну менен катар бул өлкөгө карата стретагиясын өзгөртүү ниети жок.

«Евробиримдик өткөн жылы Ооганстанга гуманитардык жардам берүү үчүн 174 млн евро бөлдү. Ошол эле учурда биз аталган өлкөгө карата стратегиябызды өзгөртпөйбүз. Бирок сиздер чек араларды бекемдөөдө Евробиримдиктин колдоосуна ишенсеңиздер болот», — деди Мишель.

Ал белгилегендей, саммити Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ар бири менен өз ара кызматташуу жана жакшыраак стратегияларды иштеп чыгуу үчүн эмне зарыл экендигин түшүнүүгө жардам берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM