Биз менен байланышыңыз

УКМК Баткенде «Ислам мамлекети» террордук тобунун желеги табылганын билдирди

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 266 | 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун желеги табылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Ошондой эле тосмонун дубалдарында күмөндүү чакырыктарды камтыган жазуулар калтырылган.

УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталган.

2-июнда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө жүргүзүлүп, тыюу салынган диний агымдарга жана «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмуна тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар, видеоматериалдар табылып, экспертизага жиберилген.

УКМК кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 25-майда орто мектептин аймагына илинген уюмдун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM