Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Ынтымак-2» сейил багында үч акындын поэзия кечеси өтөт

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 323 | 0

Бүгүн, 2-июнда саат 19:00дө «Ынтымак-2» сейил багында поэзия кечеси өтөт. Анда акындар Улукбек Омокеев, Нуркыз Рыскул кызы, Алтынбек Исмаиловдор чыгармаларын окурмандарга тартуулайт. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду маалымдады.

Аталган фонд Кыргызстандын белгилүү жана жаш акындарын колдоо, борбор калаанын тургундарын жана конокторун маданий-агартуу багытында «Поэзия кечелерин» уюштуруп келет.

2016-2020-жылдар аралыгында 100 акын катышкан 40 поэзия кечеси уюштурулган. 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам иш-чаралар үзгүлтүккө учурап калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM