Биз менен байланышыңыз

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 2 Июн 2023 | 538 | 0

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин финалына чыкты.

Кыргызстандык балбан 76 кг салмак категорияда беттешип, украиналык балбанды 10:6 эсебинде, ал эми кытайлык спортчуну 6:3 эсебинде артта калтырды.

Айпери Медет кызы финалда кытайлык балбан менен күч сынашат.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 1-4-июнга чейинки аралыкта Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM