Биз менен байланышыңыз

Баткенде жапон технологиясы менен 42 азык өндүрүлөт

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 179 | 0

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Жапониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту. Тараптар экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу пландарын талкуулашты.

JICA агенттигинин «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, уникалдуу болушу керек.

Былтыр аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.

«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары  өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жөнүндө кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.

Учурда Баткен облусунда «Бир айыл – бир продукт»  долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты.

Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, өрүктөн сироп, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочтор.

Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM