Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы дүйнөдө миллионерлердин саны кыйла азайды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 223 | 0

Өткөн жылы дүйнөдө миллионерлердин саны кыйла азайды. Бул тууралуу Франциянын Capgemini консалтинг фирмасы 1-июнда баяндамасын чыгарды.

Анда 2022-жылы 21,7 миллионго жакын киши кыймылсыз мүлктү эсепке албаганда, 1 млн доллардан көп каражатка ээ болгон. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 3,3%га азайган. Натыйжада дүйнөдөгү эң бай адамдардын жалпы байлыгы 3,6%га кыскарып, 83 триллион долларды түзөт.

«Бул макроэкономикалык жана геосаясий белгисиздиктен улам, соңку он жылдагы эң көп азайган жагдай», — деп билдирди Capgemini.

Компаниянын каржы эксперттери 71 өлкөдөгү мүлктөрдү анализдеп чыккан. Анда эң көп 7,4%га түндүк америкалык миллионерлердин байлыгы азайган. Европада 3,2%, Азия жана Тынч океаны чөлкөмүндө 2,7% азайган. Ал эми Африка, Латын Америка жана Жакынкы Чыгыштагы миллионерлердин байлыгы бир канча эсе өскөн, буга Украинадагы согуштун фонунда мунай жана газдын соодасы кызуу жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM