Биз менен байланышыңыз

3-июнга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 150 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM