Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө ок-дарылар, жардыргыч заттар сакталган жай табылды

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 329 | 0

Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан 8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы, 114 даана 5,45 мм калибрлүү патрон, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрон, 1 даана 9мм калибрлүү патрон, 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза алынды.

Табылган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM