Биз менен байланышыңыз

Күрөш боюнча эл аралык мелдеш: Махмудов менен Кадыров коло байге утту

Кыска кабар , Спорт | 2 Июн 2023 | 565 | 0

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдештин биринчи күнүндө балбандар Бексултан Махмудов жана Дастан Кадыров коло медалга ээ болушту.

Грек-рим күрөшүнөн Махмудов 97 кг салмакта, Кадыров 63 кг салмакта күч сынашты.

Махмудов алгач 1/4 финалда кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилип калган. Андан соң жубатуучу беттешке чыгып, кытайлык балбанды утуп, коло байге үчүн кармашты казакстандык балбанды жеңди.

Ал эми Кадыров 1/4 финалда өзбекстандык балбанга жеңилип калган. Коло байге үчүн беттеште кыргызстандык Баяман Каримовду утту.

Жоламан Шаршенбековдун агасы Тынар Шаршенбеков 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, биринчи эле беттеште Кубалык Токио олимпиадасынын чемпиону орто Санчезге утулуп калган. Кубалык спортчу жарым финалда кытайлык жаранга утулуп калып, кыргызстандыкты байгесиз калтырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM