Биз менен байланышыңыз

АКШ Сенаты дефолттун алдын алган мыйзам кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 213 | 0

АКШнын Сенаты дефолттун алдын ала турган мыйзам долбоорун колдоду. Тактап айтканда, мамлекеттик карыздын чегин токтотуп турууга багытталган мыйзам долбоорду 63 сенатор колдоп, 36сы каршы добуш берди.

Бул мыйзам мамлекеттик карыздын чегин 2025-жылдын 1-январына чейин токтотуп турат, эми ага президент Жо Байден кол коюшу керек.

Мындан бир күн мурун бул мыйзам долбоор Конгресстин эл өкүлдөрү палатасы тарабынан да колдоо тапкан. Анда көпчүлүктү түзгөн республикачылар колдогон. Президент Жо Байден бүгүн кечинде америкалыктарга кайрылуу менен чыгары күтүлүүдө.

Жаңы кабыл алына турган мыйзам 2025-жылдын 1-январына чейин федералдык өкмөттөн карыз алууну чектеп турат. Тактап айтканда, бир катар мамлекеттик чыгымдар азайтылат, айрым энергетикалык долбоорлордун жараянын тездетип, COVID-19 менен күрөшүү үчүн бөлүнүп, бирок иштетилбей калган каражаттарды кайра бюджетке салат жана азык-түлүк жардамын алуучу жарандардын тизмеси кеңейтилет.

Ошондой эле мыйзам долбоор АКШнын Салык кызматынан каржылоонун бир бөлүгүн алып салат, бирок буга Ак үй каршы чыгып келет. Ак үйдүн позициясы салык саясатына зыян келтирбеши керек деп эсептейт. Конгресстин Бюджет комитети мындай чектөөлөр менен алдыдагы 10 жылда 1,5 трлн доллар үнөмдөсө болот деп билдирген. Ал эми Байдендин админстрациясы чектөө менен эмес, жаңы салыктарды киргизүү менен бюджетти 3 трлн долларга көтөрүү зарылдыгын айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM