Биз менен байланышыңыз

Бишкекте өрттөн бир адам жабыркады

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 107 | 0

Бишкектин Свердлов районунун Акматбек Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан батирде 1-июнда өрт чыгып, бир адам денесинен күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 15:21де Бишкек шаардык №3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн топ тартылып, саат 15:40та чектөөгө алынган. Ал эми саат 15:44тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен балкондо турган 2 чарчы метр кышки кийимдер күйгөн. Ал эми болжол менен денесинне 10-15% күйүк алган үй ээсин «Тез жардам» кызматкерлери №4 шаардык ооруканага алып кетишкен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM