Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.