Биз менен байланышыңыз

Чек талап кылуу боюнча лотереяга 200 миңден ашык адам катышууда

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 542 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын утушунун 1-этабына бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эске салды. 

Мекеме жарандарды лотереяга катышуу жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырат. 

Лотереянын 1-турунун фондунда 10 электромобиль, 1000 смартфон, 150 ноутбук жана башка байгелер бар.

Лотереяга катышуу үчүн төмөнкү шарттарды аткаруу керек:

 «Салык чек» тиркемесин жүктөпкаттоодон өтүү(буга чейин колдонуп жүргөн тиркемени жаңыртып алуусу зарыл);

 товар же кызматтарды сатып алууда фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылуу;

 кассалык чектин QR-кодун тиркеме аркылуу сканерлөө.

Бүгүнкү күндө лотереяга 218 миң жаран катышууда. «Салык чек» тиркемеси аркылуу 3,9 млрд сом суммасындагы кассалык чектер сканерден өткөрүлүп, утуштарга катышуу үчүн 3,8 миллиондон ашык ID-билет берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM