Биз менен байланышыңыз

Мадумаров жөлөк пулду жашоо минимумга теңдеген мыйзам сунуштады

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 430 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мыйзам долбоорун сунуштады. Ал коомдук талкууга чыгарылды.

Аталган мыйзам долбоору Конституциянын 44-беренесине негизделген. Анткени анда пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка мамлекеттик көмөктөр мыйзамда көрсөтүлгөн жашоо минимум өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде болушу керектиги белгиленген.

Мыйзам долбооруна ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөк пулу үй-бүлөнүн мал-жаны, жер тилкеси, техникасы бар экенине карабастан берилүүгө тийиш.

Ошондой эле мыйзам долбоору өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жана бийик тоолуу аймактарда жашаган, 14 жашка чейинки балдары бар жарандарды колдоо, өсүп келе жаткан жаш муундун келечегине кам көрүү, ошондой эле аталган аймактарда туруктуу жашоого, тышкы жана ички миграциянын деӊгээлин төмөндөтүүгө шарт түзүү менен алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууну көздөйт.

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамында белгиленген 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пулу Конституцияда белгиленген «жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлди камсыз кылат» деген ченемге жооп бербейт. Бул ченем 82,35%га аткарылбай келет (бүгүнкү күнү «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөк пулунун өлчөмү орто эсеп менен 1200 сом болсо, жашоо минимумдун орточо өлчөмү балдар үчүн 6 415,63 сомду түзөт). «Айылдыктарга көмөк» ар айлык жөлөк пулу 14 жашка чейинки балдарды тарбиялаган өзгөчө статуска ээ аймактардагы жана бийик тоолуу, барууга кыйын айыл-кыштактарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) алардын социалдык экономикалык абалына карабастан, белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пул дайындоо менен толукталууда», — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM