Биз менен байланышыңыз

Президент «Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров «Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

Конституциялык мыйзам ушул жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын негизинде Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат.

Конституциялык мыйзам Эсептөө палатасы тарабынан өлкөнүн бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышын, Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышын, тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде пайда болгон мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM