Connect with us

Курултайчылар Жогорку Кеңешке нааразычылык билдиришти

Коом , Саясат | 1 Июн 2023 | 502 | 0

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңеши Жогорку Кеңеш «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышканын айтышты. Алар Курултайды элдин күнүмдүк көйгөйүн чечип берүүсүн жергиликтүү бийликтен талап кылган институт деп эсептешет.

Парламент 30-майдагы жыйынында «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады. Бул долбоорду карап чыгуу үчүн ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан. Алар курултайдын делегаттарын бир жолу гана шайлана тургандай сунуш киргизишүүдө. Өткөн жылы мыйзамы кабыл алына электе биринчи элдик курултай өткөн.

Курултайчылар 1-июнда өткөргөн маалымат жыйында депутаттардын курултайга каршы чыгышы Конституцияга, президенттин жарлыктарына, Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча эл аралык конвенцияга каршы келерин айтышты.

Элдик курултайдын Чүй облусунан делегаты Эсенгул Исаков Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодо курултайчыларды атаандаш катары карап, туура эмес максаттарга айыптап жатышат деп эсептейт.

«Элдик курултайдын делегаттары тескерисинче, парламентке жардамчы катары болот. Биздин максатыбыз мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө, анын ичинде депутаттарга колдоо көрсөтүү болуп саналат. Биздин ар бир делегатыбыз: райондордун, айылдардын жашоочулары. Алар көйгөйлөрдү жеринен билишет, эл менен депутаттардын ортосунда көпүрө боло алышат. Анткени, депутат өзү жеринде эмне болуп жатканын билбейт да. Биз алар ушуну түшүнүшсө дейбиз. А бүгүн депутаттар аны ойлонушпай эле бизди парламентке каршы деп эсептешүүдө. Айрым депутаттар бизге карата туура эмес сөздөрдү айтып жатышат».

Маалымат жыйынга Элдик курултайдын Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы делегаттары да катышты.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев да Элдик курултайдын өкүлдөрү менен кошо сүйлөп, Кыргызстанда мамлекетти башкарууга жалаң байлар катышып келгенин, Элдик курултай бул процесске карапайым элди да катыштыра турган институт экенин айтты.

Ал «парламент өзү таяна турган институтка каршы чыгып жатат» деп эсептейт.

«Президент өзүнүн долбоорунда жергиликтүү курултай өтүшү керек деп белгилеген. Жогорку Кеңештин депутаттары аймакка айына бир жолу барганда көйгөй чыкпай калат. Элдин күнүмдүк көйгөйүн чечүү үчүн жергиликтүү бийликтен талап кылган институт болушу керек. Азыр курултайчылар өтө катуу талкуу кылып жатышат. «Радикалдуу аракеттерге барабыз, митинг кылабыз» деген сөздөр болуп жатат. Ошого жеткирбейли».

Курултайчылар «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодо үч маселени эске алууну суранып жатышат: жергиликтүү курултайларды сактоо, мыйзам долбоорун жакын арада кабыл алуу, долбоордогу маанилүү функцияларды калтыруу.

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору 30-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде экинчи окууда каралган.

Комитет жыйынында депутаттар курултай делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыгып, бир катар сунуштарды берген. Бул мыйзам иштесе, делегаттардын статусу кабыл алынат жана анын негизинде иш алып барышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев курултайчылар жергиликтүү бийликти кысымга алып, отчёт талап кылып жатышканын белгиледи.

«Тышкы саясат боюнча иш алып бара турган болсоңор, анда ТИМдин эмне кереги бар? Министрликти жоюп салбайлыбы? Булар бир жылга шайланганда акимге барып, айыл өкмөттөрдү чогултуп бер дешет экен. Барып алышып, «айыл өкмөттөрдүн иш алып баруусун текшеребиз» дешет экен. Алар мага чалып, «Курултайдын делегаттарына отчёт беребизби?» деп жатышат. Ошондуктан булар бир эле курултай өткөнгө чейин гана шайланышы керек. Курултайдан чыккандан кийин булардын статусу бүтөт».

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

10-майда «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору кайрадан биринчи окууда каралып, концепциясы кабыл алынган.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Элдик курултайды «унаанын бешинчи дөңгөлөгүндөй» болгон керексиз институт катары баалайт. Ал курултай парламенттин да, президенттин да мамлекеттик башкаруу системасын убарага салып, кошумча «баш оору» жаратарын айтып, мындай жүйөлөрдү келтирди:

«Бир жыл бою институт катары ар бир шайланып келген депутат кандайдыр бир формада, кайсы бир мааниде Элдик курултайдын мүчөсү болуп калат, же «курултайчы» статуска ээ болуп калат жана анын добушу менен чечилиши керек» деген нерселер биздин конституциялык, мыйзам ченемдик системага дал келбейт. Эгер аны биздин системага киргизсе, толгон-токой суроолорду жараткан, таптакыр керексиз маселе пайда болот».

Курултай өткөндөн кийин бүгүнкү күнгө чейин 21 кишиден турган Аксакалдар кеңеши иш алып барууда. Мындан сырткары Улуттук кеңеш да бар. Алар бюджеттен айлык алышпайт, болгону коомдук башталыштагы топ. Бирок катчылыктагы 7 адам бюджеттен айлык алып иштешет.  Өткөн жылы Курултай өткөрүүдө 3 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн, алар ошол боюнча иш алып барышат.

Жогорку Кеңеш өткөн жылы «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарган. Бирок ага карабай өз ыйгарым укугунан пайдаланган мамлекет башчысы атайын жарлык чыгарып, 25-26-ноябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына курултай чакырган. Түз мааниде айтканда, курултай конституциялык мыйзамы иштелип чыкпай туруп өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM