Кыргызстанда 2023-жылы «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пул төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир жаңы төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон төлөнөт.
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына 150 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.