Connect with us

Жасалма виза даярдоо боюнча эл аралык канал аныкталды

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 254 | 0

Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик жарандарды туристтерге жамынтып, Кыргызстандын аймагы аркылуу Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык каналдын уюштуруучуларынын иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2023-жылдын 30-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалма шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды жана мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталды.

Азыркы учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM