Биз менен байланышыңыз

Туризм фондунун вице-президенти Кайрат Итибаев кызматынан кетти (видео)

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 240 | 0

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фондунун вице-президенти Кайрат Итибаев бүгүн, 1-июндан тарта кызматынан кеткенин билдирди.

Ал кызматтан кетүү алдында видеокайрылуу жасап, бир жылдын ичинде кылган иштерине кыскача токтолгон.

Анын айтымында, ал аралыкта 11 улуттук стенд өткөрүлгөн. Анын негизги максаты Кыргызстанды таанытып, өлкөгө келүүчү туристтердин санын арттыруу болгон. Ошондой эле бул иш-чараларды уюштуруу аркылуу ата мекендик туроператорлорго өздөрүн чет өлкөдө таанытууга шарттар түзүлгөн.

Эске салсак, УКМК «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фондуна «коррупция» беренеси менен иш козгоп, жетекчилерин 18-майда кармаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-майда эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар 22-майга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM