Биз менен байланышыңыз

УКМК: Июнь окуясында милицияны өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 499 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун эки тургуну кармалганын кабарлады.

2023-жылдын 27-майында Сузак районунун 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу тургундары кармалды. Маалыматка караганда, алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык башаламандыкка, милициянын подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышканы аныкталган. Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктап, жоопко тартуу үчүн изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасагандарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM