Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун эки тургуну кармалганын кабарлады.
2023-жылдын 27-майында Сузак районунун 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу тургундары кармалды. Маалыматка караганда, алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык башаламандыкка, милициянын подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышканы аныкталган. Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.
Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.
Учурда июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктап, жоопко тартуу үчүн изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасагандарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.
2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырган.