Биз менен байланышыңыз

Парламент жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүүнү колдогон жок

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 233 | 0

Жогорку Кеңеш 31-майдагы жыйынында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорду биринчи окууда талкуулады.

Мыйзам долбоорун депутаттар Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.

Колдонуудагы мыйзам боюнча ЖМКга анык эмес маалымат жарыяланган болсо, Маданият министрлигинин алдындагы жумушчу топ карап, актанууга негиз бербестен, дароо жабуу чечимин чыгарат. Демилгечилер бул беренени «далилдеп берүүгө убакыт берилсин» деп өзгөртүүнү сунуштаган.

Долбоордо интернет сайттын ээси же интернет желесиндеги баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби белгиленүүдө.

Мындан тышкары жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн арыз келип түшкөн учурдан тарта 24 саатка эмес, үч күнгө чейин узартуу сунушталган . Талкуу учурунда бир катар депутаттар 24 саат боюнча катуу нааразылык билдиришти.

Талаш-тартыштан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган жок. Ага 56 депутат «каршы», 7 депутат «макул» добуш берди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлининин маалыматына караганда, 2022-жылдан тарта министрликке 22 арыз түшкөн, анын көпчүлүгү ишкерлерден жана жарандардан келген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин эки комитети да аталган мыйзам долбоорун колдогон.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен 2020-жылы парламентте колдоо таап, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук каршылык билдиргенден кийин президент толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Анын максаты, социалдык тармактарда фейк маалыматтардан жарандарды коргоо деп түшүндүрүлгөн. Бирок медиа-эксперттер бул мыйзам сөз эркиндигин ооздуктоого курал болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM