Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 5-июндан тарта жайкы мектеп лагерлери иштей баштайт

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 367 | 0

Бишкекте 5-июндан тарта жайкы мектеп лагерлери ачыларын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Шаардагы 39 мектепте лагерь уюштурулат, анын ичинде 34 мектепте тамак-ашы да камтылган.

Мектеп лагерлери 5-июндан 30-июнга чейин саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштеп, 4 миң 300гө жакын окуучуну кабыл алат.

Мектеп лагеринде балдар ийримдер менен алектенип, маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка нерселер уюштурулат. Балдар үчүн балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин уюштурат.

Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугун мектептин күзөт кызматы камсыздайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM