Биз менен байланышыңыз

Президент Чолпон-Атада депутаттар инвесторлордон акча талап кылганын айтты

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 234 | 0

Президент Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Атадагы жаңы курулган парктын ачылышында сүйлөп жатып, айрым жергиликтүү депутаттар шаарга мейманкана сала баштаган ишкерге бут тосконун жана акча талап кылышканын айтты.

Анын маалыматына караганда, жергиликтүү депутаттардын бири 1 млн сом алган.

«Беш жылдыздуу мейманкана салам деп жатса, депутаттар «салдырбайбыз, акча бер» деп бут тосуп жатышкан экен. Мен суранып айттым эле, андай кылбагыла, биз сырттан инвестор издеп келип, салдырып жатабыз. Бул жерде өзүбүздүн бала мейманкана салам десе бут тосуп жатышат. Арасынан бир депутат, Урмат деген экен, 1 млн сом алыптыр. «Мен каршы чыгам, депутаттардын баарын каршы үндөйм, сага салдырбайм, жаштардын атынан келдим, жаштар каршы чыгабыз» деп 10 миң доллар алыптыр. Ишкер ушулардын оозун басайын деп, акча бердим дейт. Тилекке каршы, ушинтип бут тосуп, иш жасап жаткан адамды көрө албайбыз», — деди президент.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, 30-июнда «Асман» шаарынын курулушу башталат. Сырттан келген инвесторлор төрт миң гектарга 700 миң адам жашай тургандай шаар салышат. Президент бул шаардын курулушунда да инвесторго тоскоолдук кылбоого жана акча талап кылбоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM