Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Милиция талапкер Дамира Ниязалиеванын штабын жапты

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 351 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин Ленин райондук №26 округунан талапкер Дамира Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргүзүлүп, шайлоо штабы жабылды.

Жактоочу Эрик Ирискулбековдун айтымында, кеңседе эки сааттай тинтүү жүргүзүлгөн. Кызматкерлердин документтери, шайлоочулардын тизмелери жана башка кагаздар алынган.

29-майда Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшүп, талапкер Дамира Ниязалиева тарабынан добуш сатып алуу аракети болушу мүмкүн экени кабарланган.

Аудио жазууда болжолдуу түрдө депутаттыкка талапкер Ниязалиева У.Р аттуу жаран менен сүйлөшүүдө үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулашкан.

Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Жалпысынан шайлоо өнөктүгү башталгандан 29-майга чейин БШКга мыйзам бузуулар тууралуу 12 маалымат түшкөн. Алардын бешөө шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, жетөө шайлоо күнү жана андан кийин берилген.

Анын ичинде шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча 6 арыз түшүп, анын ичинен үчөө, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча төрт даттануу түшүп, анын ичинен экөө текшерилүүдө. Ошондой эле шайлоочуларды ташуу мүмкүндүгү жөнүндө бир, фотофиксация жөнүндө бир даттануу келген.

Бишкекте 28-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Дамира Ниязалиева көпчүлүк добушка ээ болгон (35,83 пайыз).

Андан кийин талапкерлер Акыл Айтбаев 5,67 пайыз, Илимбек Аттокур уулу 5,15 пайыз, Эртай Искаков 7,56 пайыз, Улан Сариевге 11,88 пайыз добуш алган.

Баарына каршы добушу 2,16 пайызды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM