Биз менен байланышыңыз

Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 246 | 0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кечээ, 28-май күнү Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарт түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев чек араны коргоодо коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу зарылдыгын, анүчүн бардык шартты түзүп берүү жагы мамлекет тарабынан мындан ары да улантыларын баса белгиледи.

Аталган заставанын курулуш 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM