Биз менен байланышыңыз

Президенттин админстрациясы малга салык салуу боюнча үн катты

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 269 | 0

Президент Садыр Жапаров малга салык салуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп жаткан мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар да жок эмес.

Ага байланыштуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Президенттин жарлыгы менен өткөн 2022-жылдын апрель айында фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл чарба багытында пайдаланылган жерлер үч жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу маселеси кайра каралат. Президент фермерлерге жана дыйкандарга жеңил шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев малга салык салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM