Connect with us

Түркиядагы шайлоо: добуштардын 90 пайыздан ашыгы эсептелди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Май 2023 | 633 | 0

Түркияда бүгүн президенттик шайлоонун 2-туру болуп өттү. Жогорку шайлоо жыйынынын башчысы Ахмет Йенердин маалыматы боюнча учурда добуштардын 93% эсептелип бүттү.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча:

Режеп Тайип Эрдоган — 52,50%
Кемал Кылычдароглу — 47,50% добуш алды.

Учурдагы президент Эрдоганга 25 миллиондон ашык шайлоочу добуш берсе, анын атаандашы Кемал Кылычдароглуна дээрлик 22,5 миллиондон ашык жаран добуш берди. Ал эми аймактар боюнча эсептегенде, Эрдоган 51 провинцияда алдыга чыкса, Кылычдароглу 30 провинцияда алдыга чыкты. Анын ичине ири шаарлар Анкара, Стамбул жана Измирде оппозициялык талапкер алдыга чыккан.

Түркияда жалпы шайлоочулардын саны 60 млн 769 миң 268. Биринчи турдагы добуш берүүдө шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу дээрлик 90%ды түзгөн. Ал эми Түркиянын сыртындагы шайлоочулардын катышуусу 52% болгон.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматынд биринчи турга салыштырмалуу, 2-турдун жыйынтыгы бат чыгат. Анткени 1-турда президенттик шайлоо менен кошо 24 партия катышкан парламенттик шайлоо да өткөн.

Бүгүнкү президенттик шайлоодо учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган менен оппозициячыл талапкер Кемал Кылычдароглунун арасында атаандаштык жүрдү. Түркиянын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо эки тур менен өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM