Биз менен байланышыңыз

БШК жарандарды шайлоого катышууда активдүү болууга чакырды

Кыска кабар | 28 мая 2023 | 306 | 0

Бүгүн, 28-май саат 08.00дө Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу  боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды активдүү катышууга чакырат.

Аталган округда добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын саны 124 908 мин, алардын ичинде 54 678 эркек,  70 230 аял.

Добуш берүү бүгүн кечки саат 08.00гө чейин уланат. Шайлоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун милдеттүү түрдө ала келүү зарыл.

Маалымат алуу үчүн телефондор:

жалпы маселелер боюнча – 1255;

шайлоочулардын тизмеси боюнча – 119 жана 1255.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM